"Биздин башчылар зергерлерди көзөмөлдөп, текшерүү жагын гана колго алган. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн экономикалык багытта натыйжалуу мыйзамдар керек. Бардык эшик ачык болуп, ЕЭАБде атаандаштык жарата алышыбыз керек дегендик. Ошентсе да азыр салык маселеси чечилип (мурда 100 пайыз кошумча нарк салыгын төлөсө, азыр 80 пайыз), зергерлерге жеңилдетүү берилди. ЕАЭБге киргенден баштап өз ара зер буюмдарга түшүрүлгөн эн тамгаларды кабыл алуу, таануу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Алгач Армения менен Кыргызстан демилге көтөрүп чыккан. Россия, Казакстан, Беларусь көптөн кийин гана макул болуп, проба эркин соода карым-катнаш жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан нерсе экенин түшүнүштү. Зер буюмдарды үчүнчү мамлекеттердин рыногуна сатуу үчүн бирдиктүү ЕАЭБ ювелирдик бренди боюнча да концепция кабыл алынды. Учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен зергерчилик иш боюнча Армения, Россия, Казакстан алдыда. Ал эми Кыргызстанда потенциал жогору", — деди Акматов.