Индиядагы калың кар, Кытайдагы аязда сууга чумкугандар. Аптанын 17 ирмеми

Кытайдагы шыргалаң сууга чөмүлүү, Мадагаскардагы суу ташкын, Париждеги өзгөчө мода жумалыгы... Sputnik Кыргызстан өткөн апта ичинде болгон кызыктуу окуяларды баяндаган сүрөт түрмөгүн окурмандарга тартуулайт.
Sputnik
1 / 17

Будапешттеги (Венгрия) жаңы Музыка үйүнө келгендер. Аны япониялык архитектор Соу Фудзимото долбоорлогон.

2 / 17

Кытайда кышында сууга түшкөндү жакшы көргөн кишилер

3 / 17

Антананариву шаарындагы нөшөрдөн улам автоунаа токтоочу жай үйлөргө кулап түшкөн. Мадагаскарда "Ана" тропикалык циклонунан улам жамгыр тынбай жаап, ташкындаган суу 34 кишинин өмүрүн алып кетти. 64 адам жабырланды.

4 / 17

Малавидеги тропикалык штормдан улам жапа чеккен аймактардагы балдар

5 / 17

Афинадагы (Греция) жаратылыштын кезектеги кубулушу тургундарга пайда алып келген жок. Дарак басып калып, талкаланган автоунаа.

6 / 17

Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өткөн франциялык Cercle тобунун электрондук концертине келгендер

7 / 17

Верхайм аймагындагы асыл тукум заводдогу ирландия жылкылары (Германия)

8 / 17

Мындан бир нече күн мурда, 25-январда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанды бириктирген энергошакекчеде авария болду. Анын кесепетинен улам үч мамлекеттин шаарлары менен айылдары электр кубатысыз калды. Адистердин айтымында, мындай авария эч качан болгон эмес.

Сүрөттө: Кайгуул милициясы Бишкектеги көчө кесилиштеринин биринде жол кыймылын жөнгө салып жатат. Электр энергия өчкөндүктөн светофорлор иштебей калды.

9 / 17

Пекинде өтө турган Олимпиаданын алдында. Чана спорту боюнча Яньцин улуттук борбору.

10 / 17

Кабелтең жааган кар. Бала автоунааны басып калган карды күрөп жатат. Кашмир (Индия)

11 / 17

Питтсбургда (АКШ) көпүрө урап түшүп, анын кесепетинен беш автоунаа жана автобус жарга кулады. Онго чукул киши жеңил жаракат алып, үчөө ооруканага түштү.

12 / 17

Париждеги Мода жумалыгында франциялык кутюрье Стефан Ролландын колунан чыккан образдардын бири

13 / 17

Быйылкы жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Анын айынан кыргызстандыктар чек арага жакын жайгашкан аймактардагы кооптуулуктан улам башка жактарга көчүрүлүп, эки тарап сүйлөшүп, кырдаал турукташкан соң кайра кайтып келишти.

Сүрөттө: чатак учурунда Көк-Таш айылында өрттөлгөн автоунаа. Алдын ала берилген маалыматтарда 10дон кем эмес үй талкаланып, эки сарай күйүп, ичинде калган мал куйкаланып калган.

14 / 17

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women's Futsal Championship алкагында Тажикстан менен беттешип, 4:1 эсебинде утуп алды. Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстан үчүнчү, Өзбекстан экинчи орунду ээлеп, Иран командасы чемпион болду.

15 / 17

Сейилдеп жүргөн адамдар Пекин Олимпиадасынын мунарасынын жанында сүрөткө түшүп жатат

16 / 17

Карачинин (Пакистан) көчөсүндө шар саткан адам

17 / 17

Патне (Индия) аймагында студенттер нааразылыкка чыгып, көчөлөрдү жаап, дөңгөлөктөрдү өрттөдү