Россия SWIFT системасынан чыгып калса кыргызстандыктарга кандай таасир этет

Европа биримдиги Россияга санкция катары аны аталган системадан чыгарып салууну карап жатат. Кыргызстанга бул нерсе кандай таасир этиши мүмкүн?
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эгер Россияны SWIFT системасынан чыгарып коюшса, Кыргызстандын маалымат алышуучу альтернативалык каналы бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу система. Ал эми Европа биримдиги Россияга санкция катары аны бул системадан чыгарып салууну карап жатат.
"Бүгүнкү күндө бардык банктарда штаттан тышкаркы кырдаал түзүлүп кала турган болсо, маалымат алып-беришүүчү башка дагы каналдары бар. SWIFT системасы кандайдыр бир себептерден улам жеткиликсиз болуп калса, эл аралык акча которуулар боюнча маалыматты башка булактар аркылуу алабыз", — дешти Улуттук банктан.
Негизги банктан кошумчалашкандай, SWIFT системасы Россияда өчүрүлгөн күндө дагы бул техникалык жактан Кыргызстанга таасир этпейт. Анткени ал республикада иштей бермекчи.
SWIFT ылдамдыгында! Россияга урулган соккудан ким жабыркайт?