205 кишиден коронавирус табылып, төрт бейтап каза болду

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 316га жетти. Анын ичинен 187 596 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 205 кишиден коронавирус табылып, 596 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 123;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 26;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 13.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 316га жетип, анын ичинен 187 596 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору Бишкекте төрт бейтаптын өмүрүн алып, баары тең вакцина албаганы айтылды. Учурда 1 080 бейтап стационарда, ал эми 5 238 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат. Ооруканадагылардын ичинен 409 бейтап оор абалда болсо, 69 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бала COVID менен ооруп калса эмне кылуу керек? Министрликтин сунуштамасы