Канттагы авиабазанын аскерлери алты балалуу үй-бүлөгө жардам беришти

Үй-бүлө жылуу кийим-кечек жана азык-түлүк менен камсыздалышты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Канттагы россиялык авиабазанын аскерлери көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жардам Александр Невский аскер храмынын "Ырайым" бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте берилген.
Ысык-Ата районундагы жашы жете элек алты балалуу Жумакадыровдордун үй-бүлөсү аскер базасына жардам сурап кайрылышкан.
"Үй ээси ооруканада жатат. Жубайы тыным албай иштейт экен. Үй-бүлө жашоонун оор сыноосуна кабылган", — деп айтылат маалыматта.
Аскер кызматкерлери кыска убакыт аралыгында жылуу кийим-кечек жана азык-түлүк алып беришкен.
Авиабаза аз камсыз үй-бүлөлөргө гана эмес, балдар тарбияланып жаткан социалдык мекемелерге дагы колдоо көрсөтүп келишет.
Канттагы авиабазага диверсиялык топ "кол салды". Машыгуунун сүрөттөрү