Түндүк Корея дагы ракета учуруп, Япония менен Түштүк Кореянын жүрөк үшүн алды

Япониянын жээк кароолчуларынын маалыматы боюнча, снаряд суунун үстүнө түштү. Япон бийлиги деңизде жүргөн кемелерге болушунча кылдат жана сак болууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Түндүк Корея кайрадан Япон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Япониянын жээк кароолчуларынын маалыматы боюнча, снаряд суунун үстүнө түштү. Япон бийлиги деңизде жүргөн кемелерге болушунча кылдат жана сак болууну сунуштады.
Жергиликтүү ЖМКлар Япониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида кризистик штаб түзгөнүн жазууда.
"Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган бул штаб чукул жыйын өткөрүп, ракета тууралуу жана андан жабыркагандар бар-жогун аныктап жатат. Ошондой эле премьер Улуттук коопсуздук кеңишинин жыйынына кам көрүүдө", — деп айтылат кабарда.
Ал эми Рёнхап агенттиги Түштүк Кореяда дагы ракета боюнча тынчсыздануу болуп жатканын жазды.
Эске салсак, бул Түндүк Кореянын быйылкы жылдагы эле сегизинчи ракетасы. Алгач бешинчи, андан соң 11-январда учурулган ракеталар сыноодон ийгиликтүү өткөнүн Пхеньян өзү билдирген. Кийинки эки ракета 14-январда учурулуп, Япон деңизине түшкөн. Андан соң 17-25-январда жана 27синде Түндүк Корея тараптан ракеталар сыналган.
Өткөн жылы дал ушундай окуялар бир нече ирет кайталанган. Эл аралык ЖМКлар мамлекет 27 жана 30-сентябрь күндөрү эртең менен кезектеги баллистикалык ракеталарын текшерүү үчүн учурганын жазышкан. Анда дагы Япония тынчсыздануусун билдирген. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептей турганын айтып, диалогго чакырган. Бирок Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алып, диалогдон баш тарткан.
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби