Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

31-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас аймагында +2...+4, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4...+9 градус жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө -3...+2, Нарында -5...-10 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күн ачык болуп +4...+6, ал эми Ош шаарында +5...+7 градуска чейин жылуу болот.
Кар жаайбы? Кийинки жумага карата аба ырайы