Милиция: Ошто мектеп директору окуучунун бутун сындыра тепти

Окуучу мугалимге буту ооруганы үчүн машыга албай турганын айтканда сабап салганын билдирген. Учурда жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда дене тарбия боюнча мугалимдикти аркалаган мектеп директору 8-класстын окуучусун бутун сындыра тепкенин ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 28-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 47 жаштагы тургуну Э.З. арыз менен кайрылган.
"Ал 26-январь күнү саат 12:30дар чамасында 8-класста окуган Т.А. аттуу баласы Навои атындагы орто мектептин И.У. аттуу директору өзүнүн дене тарбия сабагында аны тээп, ургулаганын билдирген. Натыйжада баланын сол буту тизесинен сынып, Кашгар-Кыштак айылдык ооруканасына кайрылган", — деп билдирди облустук милиция.
Аталган окуя 28-январь күнү Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу окуучунун үйүнө барып сурак жүргүзгөн.
"Окуучу дене тарбия сабагында мугалимге буттары ооруп жатканы үчүн машыга албай турганын айтканда сабап салганын билдирген. Ошондой эле окуя боюнча күбөлөр да жабырлануучу айткандай көрсөтмө берип, жабырлануучу классташынын жардамы менен үйүнө жеткендигин айтышкан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда баланын жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Сузак: балдар уурдалууда деген фейк-кабарды 67 жаштагы мугалим тараткан