Лукашенко Эверестти багындырган Эдуард Кубатовго сыйлык тапшырды. Сүрөт

Эдуард Кубатов 2021-жылдын майында планетанын эң бийик чокусуна чыккан. Кыргызстандык менен бирге президенттин колунан сыйлыкты Беларустун Альпинизм федерациясынын мүчөсү да алды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эверестти (Джомолунгму) багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан сыйлык алды.
1 / 3

Эверестти (Джомолунгму) багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан сыйлык алды

2 / 3

Өлкө башчысы 27-январда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган

3 / 3

Кубатов сайтта Индонезиянын Кыргызстандагы консулу катары көрсөтүлгөн. Ал Франциск Скорина ордени менен сыйланган.

Өлкө башчысы 27-январда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Президенттин сайтында айтылгандай, наамдарды ар тармактын өкүлдөрү алган. Алардын арасында чет өлкөлүктөр да болгону айтылды.
Кубатов сайтта Индонезиянын Кыргызстандагы консулу катары көрсөтүлгөн. Ал Франциск Скорина ордени менен сыйланган.
Беларусь ЖМКлары жазгандай, Кубатов чокуга чыгып Беларустун Альпинисттер федерациясынын миссиясын аткарган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгында беларустук альпинист Вадим Фролов өлкө желеги менен Жеңиш туусун планетанын эң бийик чокусуна орнотууга белсенген. Муну менен ал Жердин ар бир жашоочусу үчүн тынчтыктын баасын көргөзгүсү келген. 6400 метрге бийиктикте альпинисттердин арасынан коронавируска кабылгандары аныкталган эле. Ал эми Фроловдон пневмония табылып, өпкөсү жабыркаганы белгилүү болгон. Ошондон кийин беларустук альпинисттин демилгесин аягына чыгаруу үчүн жардамга россиялык Георгий Шулепов менен кыргызстандык Эдуард Кубатовду чакырышкан.
Эдуард Кубатов 2021-жылдын майында планетанын эң бийик чокусуна чыккан. Спортчу тоону багындыруу өтө оор болгонун, экспедицияга чыккандардын төртөө көз жумганын айтып берген.
Sputnik агенттиги айтылуу альпинист менен маек курган.
Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алды. Сүрөт