Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби

РФ Коргоо министрлигинин планы боюнча жана Европадагы татаал аскердик-саясий жагдайдан улам Россиянын эки аскердик округунун даярдыгы текшерилмекчи.
Sputnik
Атайын даярдыктагы жогорку деңгээл жана күчтөрдүн аскердик даярдыгы полигон, жүрүш жана учуштарда түзүлөт. Бул – Россия жана анын союздаштарынын коргонуу жөндөмү, коопсуздук жана суверенитетинин негизи. 25-январда РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Батыш жана Түштүк округдарынын бирикме жана бөлүктөрү тревога менен көтөрүлүп, негизги күчтөр топтолгон райондорго, аскер полигондоруна чыгып, пландуу түрдө окуу-аскер милдеттерин аткарууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун бул жолку макаласы РФтин күчтөрүнүн машыгуулары жана Украина жагдайына арналган.
Иш-чарага эки округдун 7000ден ашуун аскер кызматкери жана курал, аскердик жана атайын техниканын жүздөгөн түрлөрү тартылган. Ыкчам кырдаалдын бирдиктүү идеясында жалпы аскер армиясынын, Аскер-аба күчтөрү жана абадан коргонуу тутумунун бирикмелеринин тактикалык топтору, Балтика жана Кара деңиз флоту, Каспий флотилиясынын кеме топтору катышат. Ошол эле учурда россиялык күч жана каражаттар чектешкен Балтика Түштүк Кавказ жана Украинанын коопсуздугуна коркунуч жаратпайт.
Балтикадан Кара деңизге чейинки аралыкта РФтин 1-танк армиясы жана 58-жалпы аскердик армиясы кыймылга кирди. Талаага "Искандер-М" ыкчам-тактикалык комплекстери жана өзү жүрүүчү "Акация" артиллериялык орнотмолору жайгаштырылган.
Батыш жана Түштүк округдарынын жоокерлери жана күчтөрүнүн ыраак аралыкка жөнөтүлгөндө аскердик милдеттерин аткарууга даярдыгы текшерилет. Крым, Кубань жана Ростов облусунда 60тан ашуун 60 истребитель жана Су-27СМ, Су-30СМ2, Су-34 бомбалоочулары буталарынан максималдуу алыс аралыктан сокку урууга машыгууда.
Приднестровьедеги россиялык тынчтык орнотуучу бөлүктөр (Батыш аскер округунун курамына кирет) күчтөр топтолгон райондорго карай жылып, пландуу милдеттерин аткарууда. Балтика, Кара жана Каспий деңиздеринде эки флот жана бир флотилиянын кеме топтору да машыгууга белен турат. Балтикадагы машыгууларда "Мытищи", "Одинцово" жана "Зеленый Дол" чакан ракеталык кемелери шарттуу душмандын абадан кол салуусун элестеткен каражаттарга, буталарына ок атышты.
Мурда Россиянын Коргоо министрлиги РФтин Аскер-деңиз флотунун машыгууларынын түрмөгү башталганын маалымдаган. Ага 140тан ашуун кеме, 10 миңден өйдө аскер кызматкерлери катышат. 10–20-февралда Беларусь Республикасынын территориясында өтө турган "Союздук чечкиндүүлүк – 2022" биргелешкен россиялык-белоруссиялык аскердик окууга кызуу даярдык жүрүүдө.
Украиналык багыттагы татаал кырдаалдан улам Беларусь Республикасынын Мамлекеттик чек ара комитети чек араны коргоо үчүн резервдик күч жана каражаттарын топтоп туру.
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп

Кызыл чийиндин алдындагы тиреш

РФтин Батыш жана Түштүк аскердик округдарынын даярдыгын текшерүү эртеңкиге дейре уланат. Бирок алдыңкы бул эки округдун бөлүктөрү мезгил жана полигондук позициясын гана алмаштырганы болбосо, ар убак даяр.
Чыгыш менен Батыштын учурдагы тирешинин чындыгы ушул. АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 26-январда британиялык кесиптеши Лиз Трасс менен "чек арадагы Россиянын агрессиясын" талкуулады. Андан мурунку күнү Атлантикалык кеңеш тарабынан түз алып көрсөтүлгөн иш-чарада РФтин "127 000 чакты" жоокери Беларусь Республикасы менен биргеликте машыгуудан соң, башкача айтканда 20-февралда Украинага басып кирет деп кабарлашты.
Украинага россиялык кол салуу даярдалып, ал тургай Приднестровье тараптан да РФтин агрессиясынын "варианты" бар деп кайталаган Вашингтон бул өңдүү жалган маалыматтарды бир нече айдан бери таратып келет. Анткен менен Пентагон менен НАТОнун дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө себепсиз басып кириши (Афганистан, Югославия, Ирак, Ливия, Сирияны эстейли) белгилүү эмеспи. Ал гана эмес Чыгыш Европада альянс кеңири орун алып, агрессивдүү киевдик режим да – АКШнын геосаясий эксперименттеринин өндүрүмү.
Россия Украинаны чагымчылдык менен америкалык курал-жарак менен жабдышы жана россиялык жээктерде АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери дайым сүзүп жүрүшү жосунсуз деп эсептейт. Москва эл аралык алакаларда Вашингтондун кош стандарттарын, русофобияны жайылтканын сынга алат.
РФ өз ара коопсуздук жөнүндөгү келишимдин негизинде же башка ыкма аркылуу (Кошмо Штаттардын "эрежелери менен эмес") жамааттык Батыш менен мамилесин олуттуу трансформациялоого даяр.
Вашингтон менен Брюссель азырынча Москва менен диалогдо компромисске баргысы жок. АКШ жана НАТО россиялык тынч сунуштарына конструктивдүү карашпады. Бул жорук менен алар өз жарандарынын коопсуздугуна доо кетирүүдө.
"Тынчтангылачы". Украина кимдин барымтасында калды
Пентагон Европага Түндүк Америкадан ар кыл маалыматтар боюнча сегиз миңден элүү миңге чейин жоокер жөнөтүүгө ниеттенет. Дания Балтика деңизине фрегат, ал эми Литвага F-16 истребителинен төрт бирдик, Нидерланд Болгарияга эки F-35 истребителин жеткирет. Испания менен Франция Румынияда аскердик орун алууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо.
Ошентсе да америкалыктар Москванын тынч "ультиматумун" көз жаздымда калтырып, коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдү узакка создуктура албайт. От менен ойноо биринчи кезекте ага катышуучуларга коркунуч туудурат. Өзөктүк күчтүү держава катары Россия аскердик багытта жеңилгис жана "өнөктөштөрдүн" жообунун кандай гана варианттары болбосун, технологиялык жактан даяр.
Келерки айда Москва "Б планын" ишке ашырууга, башкача айтканда америкалыктарды жана алардын союздаштарын тынчтыкка башкача саясий жана аскер-техникалык каражаттар менен мажбурлоого өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ да РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы бир ирет эскертти.
Албетте, бул Үчүнчү дүйнөлүк согуш эмес, Украинага примитивдүү кол салуу эмес, бирок ошентсе да Кремлдин аракеттери Ак үйдү белгилүү бир чекке салат. Жаманбы, жакшыбы, акыры америкалыктар олуттуу түрдө эпке келет. Вашингтондун Москванын саясаты жана стратегиясына майнаптуу таасир этүүчү инструменттери жок. "Гегемон" керектөөсүн тыйып, көп полярдык дүйнөнүн катаал шарттарына көнүүгө тийиш.
Лондонго Россиянын Аскер-деңиз флоту февралда британиялык жээктен 250 чакырым аралыкта ракета атуу жана бомба таштоо боюнча машыгуу өткөрөрү кабарланган. Глобалдык коопсуздук тутумун түп-тамырынан бери өзгөрүү күтөт. НАТОнун кеңейтүүдөн баш тартышы, постсоветтик өлкөлөр менен альянстын аскерий кызматташтыгын токтотуу, Чыгыш Европа мамлекеттеринен чет өлкөлүк аскерлердин чыгарылышы анын негизин түзөт.
Дүйнөлүк океан жана РФтин батышындагы эки аскердик округундагы россиялык Аскер-деңиз флотунун масштабдуу (жогорку технологиялык) иш-чаралары "өнөктөштөрүнүн" Москванын сунуштарын кабыл алуудан башка ыңгайлуу альтернативасы жоктугун тастыктайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча жооп алды