Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Чек ара чырынан 12 кыргызстандык жаракат алганы анык болду

Жабырлангандардын бардыгы учурда Баткен облустук бириктирилген ооруканада.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны бир адамга көбөйүп, жалпы 12 кишиге жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
"Жабырлангандардын бардыгы учурда Баткен облустук бириктирилген ооруканада. Алардын абалы орточо оор болуп жатат. Тиешелүү дарылоо көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн эртең мененки маалыматта жаракат алгандардын бардыгы аскерлер экени айтылган жана жалпы саны 11 болчу.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келишкен. Аны Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жаап, өздөрү ошол жерде Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө деп аталган жерде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёттордон жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын аскерлерди аткылаган. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган. Эртең мененки маалыматында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жеткенин, алардын бардыгы аскер адамдары экендигин билдирген.
Эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барган. Ташиев абалды туруктуу деп баалап, бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү кайтарыларын белгиледи.
Самаркандек Төрт-Көчө Көк-Таш Дахма Көчө-Бою чек ара чыры Тажикстан атышуу аскер жарадар
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Ташиев: бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарылат
ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду