Башталгыч кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-70 пайызы иш менен камсыз болот. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заман талабына ылайык IT-адистигине окутууга аракет кылып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
"Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган 99 кесиптик окуу жайы иштейт. Алардын катарында заманбап талаптарга жооп берген жана абалы абдан начар окуу жайлар да бар. Кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу аркылуу мыкты адистерди чыгаруу керек. Бирок бул тармакта көйгөйлүү маселелер да аз эмес. Мугалимдердин айлыгы, студенттердин стипендиясы сыяктуу иштер көз жаздымда калбашы керек. Ата-энелер үч жылдык окуунун убактысын кыскартууну да талап кылып келишет. Мисалы, 3-курска жетпей окууну таштагандар бар. Ага байланыштуу теориялык билимге караганда практикалык сабактарга көңүл буруу каралууда. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-70 пайызы иш менен камсыз болот. Бизде IT-академиясы да түптөлүп, анын алдындагы №99 лицей IT-адистерин даярдап чыгууда", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис кесиптик билим берүүдө дуалдык системага өтүп, өнүккөн өлкөлөрдүн практикасын колдонсо болорун кошумчалады.