Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Касым-Жомарт Токаев Nur Otan партиясынын жетекчиси болуп шайланды

Бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгенден кийин Нурсултан Назарбаевдин өмүрү өткүчө "Елбасы" (улут лидери) деген бир эле статусу калат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир добуштан Nur Otan партиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Эске салсак, партиянын көпчүлүк мүчөсү парламенттин төмөнкү палатасында жайгашкан жана алар Казакстанда башкаруучу катары эсептелет.
Бүгүн, 28-январда, партиянын кезексиз съезди өттү. Анда Казакстандын тунгуч президенти, Елбасы Нурсултан Назарбаев Токаевди партиянын төрагасы кылып шайлоо сунушун киргизди.

Казакстандагы бийликтин транзити

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында отставкага кеткен. Ал эми президенттин ордун парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ээлеп, кийин президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.
Назарбаев тактыдан кеткени менен бир катар маанилүү кызматтарды ээлеп турган.
Бийликтин транзити учурунда ал Токаевге Казакстан элдеринин ассамблеясынын (КЭА) жетекчисинин ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ал эми 2022-жылдын башында болгон "январь окуяларында" Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектеп калды. Бул кызмат КЭА сыяктуу эле Елбасыга өмүрү өткүчө берилген болчу. Эми парламент Назарбаевдин ыйгарым укуктарын расмий алып салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.
Бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгенден кийин Нурсултан Назарбаевдин өмүрү өткүчө "Елбасы" (улут лидери) деген бир эле статусу калат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев ээлеген дагы бир кызмат Токаевге өттү
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар деген экстремисттик топ аталды