БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Шаирбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүүнү өтүнүп төрага Талант Мамытовго кайрылды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 26-январда, Ташиев өзү мүчө болуп турган "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылган.
"Мындан улам фракция өз жыйынында кайрылууну талкуулады. Республиканын булуң-бурчундагы шайлоочулардан Шаирбек Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жаткандыгын жана шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун добушка ээ болгону эске алынды. Фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоо чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.
Шаирбек Ташиев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мандат маселеси боюнча фракцияга кайрылганын ырастап, бирок БШКга арыз жазбаганын айтты. Ал эми мандат тапшыруу ниетинин бар-жогу тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартып, телефонду өчүрүп койду.
Белгилей кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан "Кыргыз мунай газ" мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.
Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган.