Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаев ээлеген дагы бир кызмат Токаевге өттү

Сенаторлор мамлекеттик демилгелерди Елбасы менен макулдашуу талабын жокко чыгарууну да сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Казакстан сенаты (парламенттин жогорку палатасы) Нурсултан Назарбаевди өмүр бою Коопсуздук кеңешин башкаруу жана Казакстан элинин ассамблеясына төрагалык кылуу укугунан ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, аталган ыйгарым укуктар учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берилген.
Аны менен катар эле сенаторлор ички жана тышкы мамилелер боюнча мамлекеттик демилгелерди Елбасы менен макулдашуу талабын жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай норма "Тунгуч президент — Елбасы жөнүндө" конституциялык мыйзамында жазылган.
Мыйзамга өзгөртүү демилгеси төмөнкү палатадагы мажилиске жөнөтүлгөн.
Назарбаев буга чейин жасаган кайрылуусунда "Нур Отан" партиясынын төрагалыгына да Токаев келерин билдирген болчу.
Нурсултан Назарбаевге өмүрү өткүчө берилген артыкчылыктар
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Оор абалда. Алматыда сабалып Кыргызстанга кайтарылган Сыдыковдун видеосу