Министрлик: мектепке электрондук каттоо февралда эмес, апрелде башталат

Быйыл ата-энелер системага киргенде паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркебейт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда мектептерге электрондук каттоо 11-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, баласын мектепке каттай турган ата-энелер 11-апрель саат 9:00дөн баштап системага кире баштаса болот.
Министрлик белгилегендей, быйыл ата-энелер системага киргенде паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркебейт. Жашаган жеринен маалым кат талап кылынбайт. Болгону ата-эненин жана баланын паспорт, туулгандыгы тууралуу документинде жазылган маалыматтар көрсөтүлүп, ПИН номерин терүү кажет. Мындан сырткары, быйыл чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн да шарт түзүлгөн. Башкача айтканда, миграцияда жүргөндөр кайсы мамлекетте болбосун системага кирип, баласын Кыргызстандагы мектептердин бирине каттай алат.
"Каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне/мыйзамдуу өкүлдөр бош орундар бар мектептерди тандап, система аркылуу катталат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган система 2019-жылы пилоттук долбоор болуп иштей баштаган. Ал Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларында иштейт.
Радио
Кусеинова: олимпиададан жеңген окуучулар ЖОЖго тапшырууда жеңилдик алат