Бишкек — Ош жолунан ири көлөмдө баңгизат ташып бараткан киши кармалды. Видео

Бишкек — Ош жолунан Бишкекке баңгизаттын ири партиясын ташып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Sputnik
Баңгизатты ташыган жана саткан каналды жок кылуу үчүн атайын операция жүргүзүлгөн. 27-январда саат 00:30да Токтогул шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдын жанынан машина токтотулган. Рулда буга чейин каракчылык үчүн соттолгон 24 жаштагы киши болгон.
Текшерүү учурунда Афганистанда өндүрүлгөн баңгизат табылган. Анын салмагы 2,7 килограммды түзгөн.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Тема боюнча:
Лейлектин тургуну Афганистанда өндүрүлгөн гашиш менен кармалды. Видео
ИИМ: баасы 10 млн. сомго жакын баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды. Видео
Тапшырма интернеттен келчү. Бишкекте баңгизат катып саткан киши кармалды. Видео