Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес. УКМКнын маалыматы

Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саат 18:30га карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
"Саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салды", — деп айтылат маалыматта.
Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кетти.
Аталган аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Чек ара кызматы кырдаалды жөнгө салуу үчүн чара көрүүдө.
"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери маал-маалы менен жабылат. График