Энесин чопулдатып эмип... Бала пилдин кызыктуу видеосу

Пилдин баласынын кантип тамактанарын жакындан көрө электер үчүн Лаостогу жаратылыш паркынын кызматкерлери жакшы мүмкүнчүлүк жаратып берди.
Sputnik
Анда Сук Ди деген ат коюлган кичинекей пилдин энесин чопулдатып эмип жаткан учуру кадрга түшүп калган. Жаныбар узун тумшугун ичин көздөй кайрып, көтөрүп, сүт ичкенге тоскоолдук жаратпагандай кылып ылайыктаган.
Адатта көп видеолордо бала пилдин энесин ээрчип, эркелеп, ойноп жүргөн учурларын көрүүгө болот. Бул сапар интернет колдонуучулары бала пилдин кантип тамактанарына күбө болгон.
Видео Пилдерди коргоо фонду тарабынан түзүлгөн атайын жаратылыш парктарынын биринде тартылган. Аталган уюм адамдардын запкысына кабылып жана ооруп, жапайы жаратылышта кароосуз калган ири жаныбарларды сактап, көбөйтүү максатын көздөйт.
Тема боюнча:
Жаалданган пил туристтер түшкөн автоунааны оодарып салган видео
Пингвиндин таң калтырган селфиси же суу алдындагы кызык жашоо. Видео
Кабыландан кутулуп, маймылга жем болгон кичинекей антилопа. Видео