"Түндүк электр" Бишкектин кичи райондорунда жарыктын өчкөн себебин түшүндүрдү

Ишкана абоненттерден келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, суроо жаралса кол-борбордун 1209, (0702/0772/0556) 00-12-09 телефондоруна чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы Бишкектин 6-9-кичи райондорунда эмне себептен электр жарыгы өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.
Кечээ, 26-январда, саат 22:45тер чамасында "Абдыкалыков" подстанциясында жогорку вольттук линиянын иши үзгүлтүккө учураган. Кичи райондун тургундары электр жарыгынын жоктугуна нааразы болуп, "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына жазышкан.
"Түндүк электр" ишканасы белгилегендей, бригада электр кубатын саат 23:55те калыбына келтирген. Мындан тышкары, саат 18:25те "Пиковая-Котельная" подстанциясында жогорку вольттук линия да жабыркап, кесепетинен Ак-Ордо конушу жарыксыз калган. Аталган конушка электр кубаты саат 20:25те берилгени айтылды.
Ишкана абоненттерден келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, суроо жаралса кол-борбордун 1209, (0702/0772/0556) 00-12-09 телефондоруна чалууну өтүндү.
Эске салсак, 25-январда Кыргызстандын дээрлик бардык аймагы, Казакстан, Өзбекстан жарыксыз калган. Ири авариянын так себеби азырынча белгисиз. Бирок көйгөй Борбор Азиянын бириккен энергошакекчесинде пайда болгону маалым.
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп