БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Атомдук электр станциясын Кыргызстан эле эмес Казакстан, Өзбекстан да салууну пландап жатат.
Атомдук электр станциясын Кыргызстан эле эмес Казакстан, Өзбекстан да салууну пландап жатат
Казакстанда курулуш үчүн Алматы облусунун Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагы каралып жатат. Аймак Бишкектен 342 чакырым алыстыкта. Атомдук электр станциясын куруу боюнча сунуш Россия, Кытай жана америкалык эки компаниядан түшкөнү айтылды.
Өзбекстан эки энергоблоктон турган атомдук электр станциясынын курулушун ушул жылы баштоону пландоодо. Бул долбоорду "Росатом" корпорациясы ишке ашырмакчы. Станция Жизак облусуна салынат.
Кыргызстан дагы чакан АЭС курууну караштырууда. Бирок анын жайгаша турчу жери аныктала элек. Энергетика министрлиги бул боюнча Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзгөн.