Бишкектин кичи райондоруна жарык бериле баштады. Министрлик өчүүнүн себебин айтты

Буга чейин Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жана жылуулук өчүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Бишкектин айрым кичи райондорунда жарык эмнеге өчкөнүн түшүндүрдү.
Анын айтымында, буга техникалык мүчүлүштүктөр себепкер болгон.
“Эч кандай авария же башка олуттуу нерсе болгон жок. Зымдардын тийишип калуусунан гана жарык өчтү. Учурда жер-жерлерде бригадалар иштеп, бардыгын калыбына келтирип жатат”, — деди Зоотбекова.
Ал эми буга чейин электр энергиясынын өчүп калгандыгы тууралуу айтып чыккан "Бишкек сегодня" Telegram тайпасынын айрым колдонуучулары жарык берилгенин жазып жатышат.
Буга чейин Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жана жылуулук өчүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп