БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саат 20:30га карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал дагы деле чыңалып турат жана эки өлкөнүн аскерлери атышууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да тажик тарап жаап алган Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгү кайра ачылган.
Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атуучу куралдарын колдонгон. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн аскерлеринин атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатканы айтылды.
УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кеткен.
Аталган аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.