БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жо Байден АКШда көлөмү рекорддук жети пайызга жеткен инфляцияны ири актив катары эсептей турганын айтты. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
Fox News басылмасынын журналисти Питер Дуси Атаандаштык боюнча кеңештин жыйынынын алдында өткөн брифингде америкалык лидерге "баалардын өсүшүн шайлоолор алдындагы "жүк" катары эсептейсизби?" деген суроо узаткан.
"Бул ири актив! Демек, ири инфляция деле боло берет", — деди Байден.
Президент мындай жообун бергенден кийин журналистти "мээси иштебеген иттин баласы" деп каккан.
АКШдагы инфляциянын көлөмү акыркы 40 жыл ичинде рекорддук көрсөткүчкө жетти. 1982-жылдын июнь айынын соңунда 7,2 пайызды түзгөн. Өлкөдө кыймылсыз мүлккө, транспортко жана азык-түлүккө болгон баа өсүп кетти. Инфляциянын темпинин тездешине коронавирус пандемиясы учурунда экономиканы калыбына келтирүү үчүн жасалган аракеттер, өндүрүштүк товарларды жеткирүү чынжырчасынын бузулушу таасир эткен. Агенттиктин жетекчиси Жер Пауэлл ноябрь айында ири инфляцияны убактылуу деп атаганды токтотуш керектигин белгилеген.
Американын Борбордук банкы март айынан тарта пайыздык ченди улам көтөрүп туруу боюнча циклды баштоо жолунда турат. Федералдык резервдик системанын алдында пайыздык ченди көтөрүп, бирок рецессия менен жумушсуздуктун өсүшүнө жол бербөө тапшырмасы коюлган.
ЖМКлардын жазганына караганда, Байден инфляциянын кесепетин көрөт. Себеби шайлоочулар Байден менен Демократиялык партияны баалардын өсүшүнө айыптап жатат. АКШнын конгрессине шайлоо ноябрда өтөт.