Мандатыңды тапшырба! Шаирбек Ташиевди колдогондор митингге чыкты. Видео

Митингге чыккандар депутаттын мандатын алууга эч кимдин укугу жок экенин билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Депутат Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыртууга каршы болуп Жогорку Кеңештин алдына он чакты адам митингге чыкты.
Алар Ташиев эл тарабынан 20 миң добуш алып шайланганын белгилеп, аны кетирүүгө эч кимдин укугу жок экенин айтууда.
"Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат экен дегенден бери биз тынчыбай жатабыз. Элдин жүгүн жеңилдетем деп келсе, агаң жогорку кызматта отурат сен кетишиң керек дегенге кимдин акысы бар? Биз аны кетирүүгө жол бербейбиз", — деди акцияга чыккандардын бири Куштарбек Кыдыралиев.
Дагы бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “элдин тынчтыгын бузбайын” деп иниси мандатын тапшырарын айтканын билдирүүдө.
Алар жети облустан өкүл болуп келгенин айтышты.
Белгилей кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан “Кыргыз мунай газ” мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.
Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Учурда аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат, бүгүн жумушуна дагы келген эмес.
Кошоматчыларга кылдат мамиле кылыңыз. Депутат Түмөнбаев президентке кайрылды