БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Индия — Борбор Азия" диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 27-январда өтөт.
"Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара кызматташууну жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбор Азия менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Саммитке Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери — Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев катышат.
2022-жылы Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленди.