Кошоматчыларга кылдат мамиле кылыңыз. Депутат Түмөнбаев президентке кайрылды

Эл өкүлү муну мамлекет башчы душман эмес, достун күйүп айткан сыны катары кабыл алат деген оюн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, кадр тандоого кылдат мамиле кылууга чакырды.
Эл өкүлү жыйындын башында трибунадан сөз алып, атайын билдирүү жасаган.
"Саясатыңызды ишке ашырууда кадр тандоого өтө кылдат мамиле кылууңуз керектигин баса белгилегим келет. Учурда сизди жандап, резюме көтөрүп жүргөн кошоматчыларга этият мамиле кылууга чакырам. Буга чейинки мамлекет башчыларды сазга батыргандар азыр да сизди айланчыктап жүргөнүн коомчулук айтууда. Муну душман эмес, достун күйүп айткан сыны катары кабыл аласыз деген ойдомун", — деди Түмөнбаев.
Ошондой эле ал президенттин саясаты менен реформасын колдой турганын, бирок айрым саясий маселелерге көз карашы дал келбей каларын белгиледи.
"Эгер сиз жаза басып, ката кетирсеңиз ушул трибунадан ачык сынга аларымды баса белгилейм. Мени Жогорку Кеңешке миңдеген шайлоочу өкүлчүлүктү аткаруу үчүн жиберди. Андыктан чындыкты айтуудан, керек учурда жалтанбастан сынга алуудан артка тартпайм", — деди депутат.
Аны менен катар эле Түмөнбаев жаңы Баш мыйзамга ылайык президент чоң жоопкерчиликти мойнуна алганын эске салды.
118 миң долларлык Land Cruiser. Жаңы депутаттар кандай унаа айдайт? Видео
Парламент менен президентти чабыштырууда. Кадыркуловду дайындоо талаш жаратты