Бишкекте жылуулук, жарык, суу берилип, абал турукташты

Жылуулук берүү боюнча түшкөн арыздар каралып, текшерүү иштери жүрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте жылуулук, суу, электр энергиясы боюнча абал турукташты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Бишкек суу каналы" ишканасы бардык насосторду иштетип, суу элге кадимки тартипте жетип жатат. "Түндүк электр" ишканасы да электр энергияны калкка керектүү көлөмдө бергени айтылды. ТЭЦте жылуулук берүү иштери калыбына келтирилип, үйлөрдө жылуулук бар.
Бүгүн ишкана түшкөн арыздар боюнча текшерүү иштерин жүргүзөрү маалым болду. Ысык суу берүү иштери да калыбына келтирилгени кошумчаланды.
Лифт, суу, жылуулук боюнча көйгөй жаралса, чалыңыз! Телефондор