Бишкек: айрым кичи райондордо кайрадан жарык өчүп калганы айтылууда

Көбүнесе даттануулар 6-кичи райондун тургундарынан түшүүдө. Ошондой эле 9 жана 10-кичи райондордун тургундары жарыксыз калганын жазып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы айрым кичи райондордун тургундары жарык өчүп калганын айтууда.
Бул тууралуу алар "Бишкек сегодня" Telegram тайпасында жазып жатышат.
Көбүнесе даттануулар 6-кичи райондун тургундарынан түшүүдө. Алар диспетчердик кызматка чалса авария тууралуу айтканын билдирүүдө. Ошондой эле 9 жана 10-кичи райондордун тургундары жарыксыз калганын жазып жатышат.
Энергетика министрлиги менен бул тармакка тиешелүү башка кызматтар маалыматтын такталып жатканын айтышты.
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп