Күйүүчү май салыгын көтөрүп, жолго акы төлөтүү мыйзамы ЖКда кайра көтөрүлдү

Бул демилге былтыр коомдук талкууга коюлуп, ошол бойдон парламенттин жыйынына киргизилген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жол фондун түзүп, күйүүчү майга акциздик салыкты көтөрүү жана жүк ташуучу унааларга жол акысын төлөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору парламентте кайрадан көтөрүлдү.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 1-февралда парламенттик угуу өткөрөт. Жыйын саат 10:00дө башталат.
Аталган мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Нурбек Алимбеков, Улукбек Ормонов, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаевдер демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган. Бирок жалпы жыйынга киргизилген эмес. Максаты — Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу.
Анда демилгечилер 2021-жылдан баштап бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын литрине 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк.
Күйүүчү май дагы канча сомго кымбаттайт? Кийинки жылга божомол
Мындан жаңыдан негизделген Жол фондуна алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.
Ал эми 2022-жылдан тарта жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат.
Заводдон чыгарылганына төрт жыл боло элек, кыймылдаткычынын көлөмү 4000 куб сантиметрден жогору болгон жеңил автоунаалар үчүн 160 миң сомдук ашкере байлык салыгын киргизүү каралган. Мунун баасы өспөйт, жылына 130 миллион сом түшүп турат.
Натыйжада Жол фондуна биринчи жылы 5,62 миллиард сом түшсө, 2030-жылы бул сумма 19,22 миллиард сомго жетери айтылган.
ККМ коюлса түшкөн акчадан 8 пайыз салык алынабы? Расмий жооп