Акылбек Жапаров: жарыктын өчүрүлүшүнө кыргыз тараптан мүчүлүштүк кеткен жок

Авариянын себебин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбор Азияда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Кыргызстан тараптан мүчүлүштүк кеткен жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берди.
"Жарыктын өчүп калышына биз тараптан эч кандай мүчүлүштүк кеткен жок. Биз аны көрсөтүп да, далилдеп дагы бере алабыз. Азырынча Казакстандан же Өзбекстандан кеткенин айта албайбыз", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, ал авариянын себебин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия иштей турганын белгиледи.
Ал эми энергетика министри Доскул Бекмурзаев Борбор Азия энергошакекчесиндеги азыркы мүчүлүштүк тарыхта биринчи ирет катталып, масштабдуу өчүрүү болгонун айтты.
Улуттук ишкана: Кыргызстандын бир дагы электр станциясында авария болгон жок