Кантта тез жардам унаасынын Lexus менен кагышып, оодарылып кеткен видеосу

Маалыматта оодарылып кеткен унаадан Тез жардам кызматынын айдоочусу менен фельдшер жаракат алгандыгы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Канттын чок ортосунда Тез жардам кызматынын унаасы кырсыктап, анын оодарылган учурунун видеосу тарады.
Кадрлар "Короче" телеграм-каналына жарыяланды.
Буга чейинки маалыматта Lexus үлгүсүндөгү жолтандабас менен кагышкан кырсыкта Тез жардам кызматынын айдоочусу менен фельдшер жаракат алгандыгы кабарланган эле.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя болжол менен саат 08:30да болгонун билдирген.
Жалал-Абадда "Жигули" менен Sprinter кагышып, бир киши мүрт кетти. Сүрөт