Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун долбоору боюнча оюн айтты

Өлкө башчы Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде долбоор тууралуу кеп кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчы бүгүн дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитине катышкан.
Мамлекет башчы КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак — бир жол" тышкы саясий демилгеси азыркы замандын эң олуттуу жана маанилүү эл аралык инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналарын белгилеп, Кыргызстан аны биринчилерден болуп колдогонун эске салган.
Президент долбоорду мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу Борбордук Азиядагы экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфраструктураны, маданий кызматташууну жакшыртууга көмөктөшөрүнө ишеним арткан.
"Аймакта автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды ачуу боюнча биргелешкен инфраструктуралык программаларды натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы бүгүнкү күндүн талабы", — деген Жапаров.
Өлкө башчы транспорт системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы сооданын олуттуу өсүшүнө шарт түзөт деген пикирин билдирген.
"Мамлекет башчы ишкердик активдүүлүктү колдоо жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары арттыруу үчүн өткөрүү пунктуларынын ишин оптималдаштыруу менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз жүк ташууларды камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейт. Ал импортту жана экспортту тоскоолдуксуз ишке ашыруу үчүн "жашыл коридорлордун" эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Жапаров мындан ары да Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын күч-аракети менен "Бир алкак — бир жол" стратегиялык демилгесинин алкагында өз ара пайдалуу экономикалык, финансылык, инвестициялык, инновациялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталарына ишеним арта турганын кошумчалаган.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бишкек Пекинге документ жөнөттү