БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзбекстанда таза суу менен жылуулук боюнча көйгөй жаралды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Буга электр жарыгынын өчүп калышы жана анын арты менен бир катар тармактардын иши кыйынчылыкка учурашы себеп болду.
"Учурда Ташкент, Гулистан, Карши, Самарканд, Бухара, Кокон, Чирчик шаарларында электр жарыгы жок. Андыктан таза суу жеткирүү, жылытуу, канализация системаларынын иши жакшы болбой жатат. Ташкент метросу ишин токтотту", — деп айтылат кабарда.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарыктын өчкөнү айтылды.
Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.
Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн, Кыргызстанда 30 мүнөттүн ичинде күйөрүн маалымдаган.
Учурдагы абал кандай экенин билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окуңуздар.