Россиянын Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларына 70 аскердик техника алынат

РФтин Коргоо министрлиги техникалардын санын гана айтып, андан башка кенен маалымат берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары 2022-жылы 70тен ашуун аскердик техника алат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлиги билдирди.
Техникалар боюнча кененирээк маалымат камтылган эмес.
1 / 3

Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары 2022-жылы 70тен ашуун аскердик техникаларды алат

2 / 3

Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү

3 / 3

Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат

Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Карамагында чабуул жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.
Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын чет өлкөлөрдөгү ири аскердик объектиси. Ал эки шаарда — Душанбе жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танкалар, артиллериялык, чалгындоочу бөлүктөр, абадан коргонуу бөлүмдөрү, радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо жана байланыш бөлүктөрү кирет.
ӨКМге жүк ташуучу самолет, тик учак жана дрондорду сатып алуу пландалууда