Министрлик: Кыргызстанда электр жарыгы этап-этабы менен бериле баштады

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда Чүй менен Жалал-Абадга жарык берилип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда электр системасы Борбор Азиядагы энергошакекчеден чыгып, жарыкты акырындык менен калыбына келтире баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, электр жарыгына кошулуу бир нече саатка созулушу мүмкүн. Авариялык өчүрүүнүн жагдайлары иликтенүүдө.
Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда Чүй менен Жалал-Абадга жарык берилип жатканын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Энергетика министрлиги электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн, Кыргызстанда 30 мүнөттүн ичинде күйөрүн маалымдаган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчтү
Жарыктын өчүшү: Бишкек — Исламабад багытында жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду