Кыргызстандын бардык аймагына электр энергиясы берилди

Бардык подстанцияларда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Кыргызстандын бардык аймагына электр кубаты берилди деп кабарлады.
Ал кээ бир райондордо электр жарыгы жок болушу мүмкүн экенин айтып, жакын арада кошуларын белгиледи.
Ошондой эле бардык подстанцияларда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барары айтылды. Ал эми Бишкек шаарындагы турак жайларга жылуулук түнгө чейин жеткирилет.
Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Энергошакекче кантип иштейт? Кыргызстан андан чыгып, энергияны калыбына келтирди
Бишкекте жол чырактар иштебей, инспекторлор кыймылды жөнгө салууда. Видео