Садыр Жапаровдун маалымат катчысы: кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө

Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев энергетиктер кырдаалга көз салып турганын билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия мамлекеттериндеги жарыктын өчүшүнүн себептери такталып жатат.
"Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясы этап-этабы менен бериле баштады. Жакынкы аралыкта өлкөнүн энергетикалык системасы калыбына келтирилет", — деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарыктын өчкөнү айтылды.
Мындан улам Бишкекте суу өчүп, жол чырактар иштебей турат.
Учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Бишкекте жол чырактар иштебей, инспекторлор кыймылды жөнгө салууда. Видео