БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева электр энергиясына кошулуу аракетинен улам кыска мөөнөткө жарык өчүшү мүмкүн экенин айтты.
"Биз электр кубатына жана батирлерди жылытууга тезирээк кошулууну каалайбыз. Балким, кыска мөөнөткө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул абоненттерди кайрадан электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жасалат. Сиздерден өндүрүштүк иштерге түшүнүү менен кароону суранабыз. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Форс-мажор. Бардык кызматкерлер сиздер үчүн иштеп жатат", — деди ал.
Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калды. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Ушул тапта үч өлкөнүн тең энергетиктери жарык берүүнү калыбына келтирди.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.