Электр жарыгы жок, ооруканаларда абал кандай болуп жатат? Расмий жооп

"Кызыл" зоналардагы бейтаптарга суюк кычкылтек берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканалардын көбүндө генераторлор иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Анын айтымында, "кызыл" зоналардагы бейтаптарга суюк кычкылтек берилет.
"Өлкө боюнча ири реанимациялары бар ооруканаларда генераторлор болот. Вакцина сакталган кампаларда температура азырынча кармалып турат. Керек болгон маалда генераторлор туташтырылат", — деди Айгерчинова.
Ал министрлик бардык ооруканалар менен байланышып турарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.
Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн, Кыргызстанда 30 мүнөттүн ичинде күйөрүн маалымдаган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Бишкекте жарыктын артынан суу да өчтү
Жарыктын өчүшү: Бишкек — Исламабад багытында жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду