Мэрия Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыковго 50 миң сом бөлдү

Кыргызстандын жараны учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы Алматыда сабалып, кийин Кыргызстанга кайтарылган Чолпонбек Сыдыковго акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын жабыркаган бул жаранына муниципалитеттин резервинен 50 миң сом бөлүнгөн. Сыдыков учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.
Эске салсак, Алматыда эмерек жасап иштеген 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыков 8-январда каттоо мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Бишкекке келмек. Бирок аны шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Ошол бойдон 11 күндөн кийин Алматыдагы ооруканалардын биринен табылган. Сыдыков 20-январь күнү Бишкекке алып келинген. Дарыгерлердин диагнозу боюнча, анын бир нече кабыргасы, эки буту шыйрагынан сынган, мээси чайкалып, башынан жаракат алган.
Казакстандын элчиси бишкектиктерге ыраазычылык билдирди