Бекмурзаев: Борбор Азиянын тарыхында бүгүнкүдөй ири авария болгон эмес

Министрдин айтымында, учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок жаңы кошулганда мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасынын тарыхында бүгүнкүдөй масштабдуу авария болгон эмес. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Журналисттер ага ушул сыяктуу күтүлбөстүктөргө даярдык бар беле деген суроо беришти.
"Албетте, иштеп турган система болгондон кийин бузулушу мүмкүн. Бирок Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасынын тарыхында бүгүнкүдөй авария болгон эмес. Мурда майдалары кездешчү, бирок бир гана өлкөдө болчу. Анда бири-бирибизге жардам берип, кырдаалдан чыгып кетчүбүз. Азыр үч өлкөнүн тең энергетиктери бири-бири менен тыгыз байланышта иштеп жатат", — деди Бекмурзаев.
Министрдин айтымында, учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок жаңы кошулганда мүчүлүштүктөр кездешүүсү мүмкүн. Бардык кемчиликтерди энергетиктер "кеч, түнү менен болсо дагы калыбына келтиришет".
Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Министр: Кыргызстандын 60 пайызына электр кубаты берилди