БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы турак жайларга жылуулук түнгө чейин жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Алар электр энергиясындагы авариялык кырдаал тууралуу маалымат беришти. Жапаровдун айтымында, Бишкек жылуулук электр борбору кадимки тартипте иштей баштады.
Бекмурзаев борбор калаада басым жогору болгондугуна байланыштуу кичине бир бөлүгү жырылып кеткенин кошумчалады. Аны менен катар ЖЭБде олуттуу авария болбогонун белгиледи. Андыктан түнгө чейин калаадагы бардык үйлөргө жылуулук берилет.