Бишкекте жол чырактар иштебей, инспекторлор кыймылды жөнгө салууда. Видео

Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Мындан улам жол чырактар иштебей турат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүндө жол чырактар иштебей жатканына байланыштуу адаттагыдан көбүрөөк жол тыгындары пайда болуп, кыймылды инспекторлор жөнгө салып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы көчөлөрдү аралап, азыркы абалды сүрөткө тартып келди.

"Шаардын борбордук көчөлөрүндө жол инспектору кыймылды жөнгө салып жатат. Көчөдө эл адаттагыдан көп. Ар кайсы жерде автоунаа тыгындары бар", — деди кабарчы.

1 / 4

Бишкектин көчөлөрүндө жол чырактар иштебей жатканына байланыштуу адаттагыдан көбүрөөк жол тыгындары пайда болуп, кыймылды инспекторлор жөнгө салып жатат.

2 / 4

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык милициясынын жеке курамы толугу менен көчөгө чыгып, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көз салууда.

3 / 4

Ошондой эле алар элди көчөдө тартипти сактап, укук коргоо органдарынын талабын так аткарууга чакырды.

4 / 4

Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймактарында электр энергиясы өчүп калган

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык милициясынын жеке курамы толугу менен көчөгө чыгып, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көз салууда. Ошондой эле алар элди көчөдө тартипти сактап, укук коргоо органдарынын талабын так аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Мындан улам Бишкекте суу өчүп, жол чыгарактар иштебей турат.
Учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Жарыктын өчүшү боюнча Өзбекстан менен Казакстандын энергетиктери эмне деп жатат