Бишкекте жарыктын артынан суу да өчтү

Электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат катчысы Эрлан Тимуров билдирди.
Анын айтымында, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.
Учурда Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. Бишкектин чок ортосунда дагы жарык жок болууда. Шаардыктар жол чырактар иштебей калганын айтышты.
"Түндүк электр" менен "Кыргызстандын улуттук электр станциялар тармактары" кырдаалды териштирип жатат.
Борбор Азия мамлекеттери жарыксыз калды. Учурда эмне болуп жатат
Чүйдө подстанцияны жабдуудан 2,5 млн. сом кымырган деп энергетик кармалды