Бишкекте жарык өчкөндөн кийин канча адам лифтинин ичинен чыгарылганы айтылды

Бүгүн Кыргызстандын бир нече аймактарында электр энергиясы өчүп калды. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасы 40 адамды куткарды. Бул тууралуу аталган ишкананын байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 13:30га чейин муниципалдык ишканага жардам сурап чалган 40 адамдын баары куткарылган. Алар жарык өчүп калганына байланыштуу лифтинин ичинде калып калган.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматынан билдиргендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.
Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн маалымдаган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Электр жарыгы жок, ооруканаларда абал кандай болуп жатат? Расмий жооп
Жарыктын өчүшү: Бишкек — Исламабад багытында жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду