"Бий өнөр" коомдук фонду 2021-жылдын 6-сентябрында Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгында расмий каттоодон өтүп өз ишин баштады. Демилге бий жаатында иштеп жүргөн ишмерлер, кыргыз бийине кайдыгер карабаган жарандар тарабынан көтөрүлгөн. Буга чейин эле чогулуштарда кыргыз бийин институтташтыруу маселеси, атайын мекеменин жоктугу боюнча маселе көп жолу көтөрүлүп келген. Бул тууралуу Мирбек Окенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Бий өнөр" коомдук фонду ишкерлер тарабынан каржыланат.
"Бий өнөр" коомдук фонду улуттук бийди изилдөө, колдоо жана өнүктүрүү деген үч максатты койду. Кыргызды кыргыз кылган биздин иденттүүлүккө таандык өзгөчөлүгүбүз бар. Мында кыргыз бийинин тарыхына кайрылып, изилдөөлөр жүрүп, ар бир кыймылдын аталышы, келип чыгышы тууралуу маалыматтар кагазга түшүрүлөт. Жыйынтыгында кыргыз бийин бир стандартка алып келип, окутуу усулу даярдалат. Белгилей кетчү нерсе, стандартка алып келүү бул сөзсүз бир кыймыл ушундай гана жасалыш керек деген чектөө деп түшүнбөшүбүз керек. Ошондой эле кыргыз бийин илимий изилдөөлөргө атайын стипендиялык программалар болот. Ушул темада магистратура же докторлугун жактайм дегендерге каражат бөлүп берүүгө даярбыз. Бул китепканабызды толтуруу үчүн көрүлгөн аракеттер. Андан тышкары, эки жылда бир республикалык бий фестивалдары өткөрүлөт. Бул иш-чара тубаса таланттарды табууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Окенов.
Ал аталган фондунун бий аркылуу көчмөн маданиятына таандык бий мурасын, ичтеги мүдөө, бий философиясын дүйнөгө таанытып, эл аралык гастролдорго чыга турчу бий тобун түзүү планы бар экенин кошумчалады.