Жээнбековдун агасы элчиликтен кетип, ордуна чекист Идрис Кадыркулов барат

Шариповдун иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу элчиликтен кетип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун ордуна УКМКнын мурунку жетекчиси Идрис Кадыркулов барат. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов
Аталган маселе бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралары күтүлүүдө.
Шарипов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Ал Кыргызстандын Украинадагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2017-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ал мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу элчиликтен кетип жатканы айтылды.
Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары УКМКнын төрагасы болуп турган. Ал коомдо паспорттордун бланкаларын даярдоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп айтылган кептен улам өз ыктыяры менен арыз жазган.
Экс-премьер Улукбек Марипов Сауд Аравияга элчилик кызматка даярдалууда