БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров эртең, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын жетекчилеринин жамааттык онлайн-жолугушуусуна катышат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кытай тараптан демилгеленген "Борбордук Азиянын мамлекеттери - Кытай" онлайн-саммитине Кытай лидери Си Цзиньпин, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев, Гурбангулы Бердымухамедовдун катышары айтылды.
"Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара кызматташуунун кеңири спектри, көп кырдуу алаканы мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытайдын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат", — деп билдирди маалымат кызматы.
Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. 1992-жылдын 5-январында эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган. Эки тараптуу мамилелердин негиз салуучу документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын арасындагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим да саналат.