Оттон секирген аттар, эки бутту бир кончко батырган COVID. Аптанын 15 ирмеми

Тонгодогу жанар тоосунун атылышы, Люминариас оту менен тазалануу, пандемия чектөөсүнүн кишини аргасыз кылган учурлары...
Sputnik
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон кызыктуу жана маанилүү делген окуяларды окурмандарга сүрөт менен баяндап бермекчи.
1 / 15

Люминариас оту менен тазалануу каадасы. Жергиликтүү эл от жана түтүндөн секирткенде жылкы баласы тың жана чарчабас болот деген ишенимде. Жаныбарларды коргоочулар мындай майрамды сындап келишет. Ага берилип катышкан адам да, айбан да мындан зыянга учурбайт деген пикирде. Испанияда тартылган сүрөт

2 / 15

Православ динин карманган христиандар 19-январда муздак сууга чумкуду

3 / 15

Бишкектеги тумандуу таң. Быйыл кышында борбор калаада жаратылыштын мындай кубулушу арбын болду

4 / 15

Мексикада күн жадырап тийген учур. Гавиота Асуль пляжы

5 / 15

Афган аялы элди ачкалыктан сактап калуу боюнча иштеп жаткан программанын алкагында бекер таратылган нанды үйүнө алып бара жатат

6 / 15

ЕАЭБге жетекчилик кылуу 2022-жылы Кыргызстанга өттү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев президент белгилеген сунуштар менен демилгелерди жарыя кылды. ЕЭК төрагасын аларды ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгууну суранды

7 / 15

Ай... Улуу Британияда тартылган сүрөт

8 / 15

Тонгодогу атылган жанар тоо. Анын кесепетинен цунами жаралды. Бул сүрөттү япониялык "Химавари-8" спутниги тартып алган

9 / 15

Тонгодогу вулкандын кесепети... Мунай заттын сууга куюлган кесепети менен күрөшкөн жумушчулар

10 / 15

Севиля шаарында өткөн We Love Flamenco мода көргөзмөсүндөгү моделдер (Испания)

11 / 15

Коронавирус эмнелерди гана кылбады. Нидерланддардагы концерт залдары менен музейлер бир күнгө чач тарач менен спорт залга айланды

12 / 15

Сан-Паулудагы "Кайра жаралуу" инсталляциясы. Художник Сирон Франко жерден алты метр бийиктикке COVID-19 пандемиясынан каза болгондорду эскерген 365 манекенди илди

13 / 15

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Женева шаарында Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен учурашып жатат. 2022-жыл, 21-январь, Швейцария

14 / 15

Ультраортодоксалдык Садигура еврейлер династиясы Ту би-Шват же "Дарактардын жаңы жыл майрамын" белгилеп жатат

15 / 15

"Үйүң күйгүр эмес", "үйүң талкалангыр" деген сөздүн мааниси ушундай болсо керек. Шейх-Жарра районундагы палестиналык аял Иерусалим бийлигин таш-талканын чыгарып кеткен турак-жайынын жанында турат

Тема боюнча:
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү
Кыргыз элинин жүз жыл мурунку турмушу. Сейрек сүрөттөр
Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө